Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июну
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун аткарууга алуу жөнүндө
____________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча программасынын негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Тон, Кажы-Сай айылдарынын башкы пландарын даярдоо жана бекитүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомуна ылайык, республикалык бюджеттен келип түшкөн 4395 600 (төрт миллион үч жүз токсон беш мин алты жүз) сом акча каражаты Тон, Кажы-Сай айылдарынын башкы пландарын даярдоого жумшалсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов