Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлундагы № 23
Калкты тейлөө борборун куруу үчүн
жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
____________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы шаар куруу жана архитектура департаментинин 23.07. 2024-жылдагы №01-1/898 чыгыш сандуу катына ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун калкты тейлөө борборун куруу үчүн “Кара-Ой” жаны конушунан 1500,0м2 жер аянтын бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин кезексиз сессиясынын 3-март, 2023-жылдагы №22 токтому жокко чыгарылсын.
2.“Кара-Ой” жаны конушунун башкы планына өзгөртүү киргизүү менен башкы планда көп-функционалдуу соода түйүн куруу үчүн калтырылган 3032,5 м2 жер аянтынын ичинен 1000,0м2 жер аянты Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 беренесинин 4 пунктуна ылайык, калкты тейлөө борборун куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов