Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 20-сентябры № 91/XX-28

Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-июлундагы №83/Х1Х-28 токтомуна өзгөртүү киргизүү жана каражат бөлүү жөнүндө

 

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражаттарын кайра кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. 2023-жылдын 7-июлундагы №83/Х1Х-28 токтомунун 7-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Атактуу дирижер Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата Нурманбет айылынын клубундагы музей кабинетине эмеректерди сатып алуу максатында 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясынан 238,6 миң сомду Клуб 70823 бөлүгүнүн 3112 статьясына которулсун.

2. А.Токтоналиев жана Нурманбет айылдарындагы балдар ойноочу жайды курчоо максатта темир тосмо сатып алууга 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясынан 100,0миң сомду, ЖКХ бөлүгүнүн 3111 статьясына 100,0миң сом жылдырылсын жана ЖКХ бөлүгүнүн 3111 статьясындагы үнөмдөлгөн каржы каражаттары колдонсун.

3. Атактуу дирижер,Нурманбет айыл аймагынын атуулу Асанкан Жумакматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү максатта тамак-ашына 70111 бөлүгүнүн 2111 статьясынан 100,0миң сом, Клуб 70823 бөлүгүнүн 2215 статьясына 100,0миң сом жылдырылсын.

4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Н. Табыкеев