Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 20-сентябры № 90/XX-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында мамлекет тарабынан айыл чарба салыктарынын төмөндөшүнө компенсация катары айыл өкмөттүн эсебине максаттуу трансферт катары түшкөн каржы каражатын бөлүштүрүү жана төмөндөгү ремонт иштерине каражат бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.М.Койбагаров атындагы орто мектебинин имаратынын жертөлөсүндөгү түтүктөрдун тармактарын алмаштыруу менен 1-3 кабаттагы даараткана бөлмөлөрүн оңдоо максатында 70921 бөлүмүнүн 3111 статьясына 1753,3 миң сом максаттуу трансферттен бөлүнүп берилсин.

2.Мамлекеттик кызмат 70111 бөлүгүнүн 2111 статьясынан 246,7миң сом 2023-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен бош орундардын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражаттарын М.Койбагаров атындагы орто мектебинин имаратынын жертөлөсүндөгү түтүктөрдун тармактарын алмаштыруу менен 1-3 кабаттагы даараткана бөлмөлөрүн оңдоо максатында Мектеп 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясына 246,7 миң сом которулсун.

3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Н. Табыкеев