НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 89/XX-28
Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү” жөнүндө мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 5-беренесинин негизинде Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагы менен Красноречка айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын
2. Нурманбет айыл аймагы жана Красноречка айыл аймактары бириктирилгенден кийин “Нурманбет айыл аймагы” деп аталсын
3.Нурманбет айыл аймагынын борбору Красная речка айылында жайгашсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н. Табыкеев |