Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июнундагы №20
Тон райондук мамлекеттик архивинин эски имаратын
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга
макулдук берүү жөнүндө
______________________________________________
Тон райондук мамлекеттик архивинин 26.06.2024-жылдагы №01-4/15 чыгыш сандуу катына ылайык, Тон райондук мамлекеттик архивинин эски имаратын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Тон райондук мамлекеттик архивинин эски имаратын Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп жана документтештирип пайдаланып алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, имаратты өткөрүп алуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов