Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы
2024-жылдын 29-июлундагы № 16/1
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Чолпон айыл аймагынын 2024-жылдын 26-июлундагы №150 Тескемеси менен түзүлгөн иш топтун буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Чолопн айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Чолпон айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2024-жылдын 29-июлундагы №273 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |