Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-сентябры № 575-т
Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматына оперативдүү башкарууга төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун карамагында турган, Бишкек шаары, Тимур Фрунзе көчөсү, № 100 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-04-0025-0446, аянты 0,9763 га жер участоту (курулмалары менен);
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын карамагында турган, Бишкек шаары, Тимур Фрунзе көчөсү, № 100 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-04-0025-0124, аянты 0,128 га жер участогу курулмалары (кампа, гараж, бастырма) менен.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна укукту мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы ушул тескеменин 1-пунктуңда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |