Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №13/111
Миӊ-Булак айыл аймагынын 2024-жылга айдап-себүү, оруп-жыйуу жана мал багуу, жайыт акыларын бекитүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Кошалиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын 2024-жылга айдап-себүү, оруп-жыйуу жана мал багуу, жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жазгы айдап себүүгө;
Жер айдоо (дыӊ жерге) 1200 сом, 30 л май; Жер айдоо (аӊыз жерге) 1100 сом, 25 л май; Тырмоо 600 сом, 8 л май; Себүү 600 сом, 8 л май; Шакап 150 сом 3 л май.
Күзгү оруп жыйуу
Чөп чабуу (жадка) 1000 сом, 10 л май, Престөө 7 сом, 10 л май
Урук чабуу 3000 сом, арпа, буудайга 2500 сом
Жайыт аты бир жылдык тариф:
Кой, эчкиге – 14 сом; Уй, жылкыга – 70 сом; Топозго 100 сом
Сырттан келген малдарга бекитилген баадан эки эселенген акы алынсын.
2. 2024-жылга чабандардын көчүү, конуу мөөнөтү 5-майга чейин аяктасын, корук 25-апрелден 1-октябрга чейин жана чабандардын баккан малынын бир айлык эмгек акысы, төмөндө көрсөтүлгөн баа менен бекитилсин.
Кой, эчкиге- 70 сом; Бодо мал 350 сом
Чабынды чөп; 1 га 1000 сомдон
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |