Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы
2024-жылдын 29-июлундагы № 16/2
Чолпон айыл аймагынын карамагындагы бала бакчалардын акча каражатынын беренесин жылдыруу жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын карамагындагы бала бакчалардын акча каражатынын беренесин жылдыруу тууралуу финансы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Усубалиевдин маалыматын угуп жана талкуулапДепутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Чолпон айыл аймагынын карамагындагы бала бакчалардын 2215 беренесиндеги 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражатын, 3112 беренесине жылдырууга уруксаат берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана финансы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |