Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июнундагы № 18
Кажы-Сай айылдык Кенешинин 2023-жылдын 17-октябрындагы
№24 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
_______________________________________________
Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Горный проспект көчөсүнүн 41 үйүнүн 35 батири Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк катары каттоого алынып, кыймылсыз мүлктү каттоо органдары тарабынан 2-04-01-1001-1081-01-035 сандуу идентификациялык код ыйгарылган. Тон райондук сотунун 25.09.2013-жылдагы ГД-306/13 И-6 чечими, Ысык-Көл областтык сотунун 02.07.2014-жылдагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2015-жылдагы токтому менен жогоруда аталган даректеги турак-жай Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп таанылгандыгына карабастан, Кажы-Сай айылынын Горный проспект көчөсүнүн 41 үйүнүн 35 батириКажы-Сай айылдык Кенешинин 2023-жылдын 17-октябрындагы №24 сандуу токтомуна ылайык (токтомдо 45 үй деп көрсөтүлгөн) Туркменова Гульнара Турдугуловнага жеке менчикке акысыз бекитилип берилген. Тон районунун прокуратурасы Күн-Чыгыш айылдык Кенешине 04.06. 2024-жылдагы №А24/118-07-00043 чыгыш сандуу каршылык билдирүү сунушун жиберип, Кажы-Сай айылдык Кенешинин 2023-жылдын 17-октябрындагы №24 сандуу токтомун жокко чыгарып берүүнү талап кылган.
Тон районунун прокуратурасынын каршылык билдирүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келгендиктен, Кажы-Сай айылдык Кенешинин 2023-жылдын 17-октябрындагы №24 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов