Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июнунун №16
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, калктуу конушка курулуш курулуп калган жер тилкелерин жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
______________________________________________
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, калктуу конуштарга курулуш курулуп калган жер тилкелерин жеке менчикке бекитип берүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, калктуу конуштарга курулуш курулуп калган жер тилкелерин жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Карыпов