Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июнунун №15
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата
социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесинин 3 пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 3 пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин. Тиркеме 27 баракта
2. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл башчысы Т.Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов