Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы №36/28-XII

Туз айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө

Туз айыл аймагында жайгашкан аянты 0,20 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун которуу жөнүндөгү дайындалганматериалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18-беренелерине ылайык, Туз айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Туз айыл аймагынын №278 контурунда жайгашкан аянты 0,20 га болгон “Айыл-чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” түрүндөгү жалпы аянты 0,20 га болгон жер участогун, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Таза суу жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, таза суу бекетин куруу максатында которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын Туз айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Туз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Туз айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Б. К. Салтыкеев