Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы
2024-жылдын 29-июлундагы № 16/3
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясынын №11/11 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясынын №11/11 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө жалпы депутаттардын сунушун эске алып, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чекилдек айылынын Бакас участогунда жайгашкан турак-жай үйлөрү 10 дук чубалгынын астында жайгашып калгандыктан жылдыруу үчүн акча каражатын кароо жөнүндө токтомундаЧекилдек айылынын Бакас участогунда жайгашкан турак-жай үйлөрү 10 дук чубалгынын астында жайгашып калгандыктан, жылдыруу үчүн 50,0 (элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген, карагайларды жылдырууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, азыркы учурда Бакас участогунун ички жолдорун оңдоого, көпүрөлөрдү орнотууга 50,0 (элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |