Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
2024-жылдын 13-майы №14/113
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражатынан, акча каражат кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы айылдарга видео көзөмөл орнотуу үчүн Статья-31123230-видео көзөмөл сатып алууга- 1500,0 млн. ( бир миллион беш жүз миӊ) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |