Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы
2024-жылдын 29-июлундагы № 16/4
Чолпон айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Чолпон айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагындагы №4150, №4151, №4153, участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жана резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтери сунушталсын. Тизме №1 тиркеме.
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон
айыл аймыгынын айылдык кеңешинин
кезексиз 16 сессиясынын 29-июль 2024ж.
№ 16/4 токтомуна №1 тиркеме
№ | Шайлоо участкасынын аталышы номуру
| УШКнын резервине көрсөтүлгөн адамдын аты-жөнү | эскертүү |
1. | 4150 Чолпон | Жумалы уулу Адил |
|
2. | 4150 Чолпон | Шейшеналиева Мунара Эркинбековна |
|
3. | 4150 Чолпон | Кармышбек кызы Гүлнара |
|
4. | 4151 Молдо-Кылыч | Ибраимова Асель Асыкбековна |
|
5. | 4151 Молдо-Кылыч | Ибраева Кундуз Тургановна |
|
6. | 4151 Молдо-Кылыч | Муканбеткалый уулу Адылбек |
|
7. | 4151 Молдо-Кылыч | Алыбаев Сейитбек Тынарбекович |
|
8. | 4151 Молдо-Кылыч | Абирова Жийдекан Молдогазиевна |
|
9. | 4153 Ара-Көл | Жыргалбек кызы Кумар |
|
10. | 4154 Эпкин | Тургунбаева Назгүл Кубатовна |
|
11. | 4154 Эпкин | Балтабаева Нургуль Бекчороевна |
|
12. | 4154 Эпкин | Жантаева Айжаркын Келгенбаевна |
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы: А. Боогачиев