Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июнунун №12
Административдик-аймактык реформанын негизинде
үнөмдөлгөн акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
______________________________________________
Административдик-аймактык реформанын негизинде үнөмдөлгөн акча каражатты бөлүштүрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин 14-февраль, 2024-жылдагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2.“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын негизинде аппараттын эмгек акысынан 4039600 сом, соц фонддон 392300 сом, ЖКХнын Б.Мамбетов көчөсүн ондоодон 2243 600 сом үнөмдөлгөн. Баардыгы 6 675 500 (алты миллион алты жүз жетимиш беш мин беш жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй беренелер аркылуу пайдаланылсын.
-3111-Бөкөнбаев айылынын Атакан-Б.Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотууга -691000 сом;
-2511-Жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасы аркылуу чарбалык жумуштарды жасоо үчүн-100000 сом;
-2214- “Чокмор ата” БСРине күйүүчү май үчүн-15000 сом;
-2222- “Уй-Сарай” БСР жасоо үчүн 111000 сом;
-2214- Жайкы туристтик мезгилинде участкалык милициялар аркылуу Кажы-Сай, Тон айылдарына коомдук тартипти камсыздоо үчүн-15000 сом;
-3112-Кажы-Сай, Тон айылдарындагы пляждарга видео камераларды орнотуу үчүн-200 000 сом;
-2215- Жайыт комитетинин калдык акчасын которуу үчүн-59300 сом;
-2511- “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасына субсидия үчүн-1000500 сом;
-2215-Курман айт, орозо айт майрамдарын өткөрүүгө-100 000 сом;
-2215- “Намазбек Баатыр” атындагы спорт комплексине кошумча курулуштун долбоордук-сметалык документтерин даярдоого-300 000 сом;
-2215- Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө салынган айып пулдарды төлөөгө-150 000 сом;
-3111-Кажы-Саз айылындагы 3 сааттык бала бакчага өздүк салым үчүн-171100 сом;
- №1 бала бакчанын чарбалык чыгымдары үчүн -2943700 сом. Анын ичинен:
-2222- бала бакчага килем, палас алуу үчүн-249 500 сом;
-3112- бала бакчага видео көзөмөл жабдууларын алуу үчүн 94790 сом;
-2221-бала бакчанын учурдагы ремонт иштерине-123 100 сом;
-2222- бала бакчага канцелярдык товарларды жана чарба товарларды алуу үчүн-281 685 сом;
-3112-бала бакчага эмеректерди жана интерактивдүү доска алууга-896200 сом;
-2222-бала бакчага идиш-аяк алуу үчүн -257 800 сом;
-3111- бала бакчага жайкы ашкана жасоого -869 022 сом;
- 3111- бала бакчага таштанды аянтчасын курууга-171603 сом;
-2221-Кажы Саз айылынын №4 бала бакчанын учурдагы ремонту үчүн- 80000 сом;
-2221 -№2 бала бакчанын учурдагы ремонту үчүн-336000 сом;
-2212 -иш сапар чыгымдарына -13200 сом;
-2215-тайпаларда улуттук стилдеги аянтчаларды жасоого-94 200 сом;
-2224-көмүр сатып алууга 220 000 сом;
-2212-телефон жана факсималдык байланыш чыгымдарына-19900 сом;
-2231-суу төлөмдөрүнө -55600 сом.
3.Кажы-Сай айылдык Кенешинин 27-январь, 2024-жылдагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин жана 3 тиркемесине ылайык, атайын эсеп счетунан каралган 418800 сом акча каражаты тамак-аш чыгымдарына көбөйтүлсүн.
4. Ведомстволук күзөт кызматына каралган 2215 беренесиндеги 83600 сом акча каражаты 2225 беренесине жылдырылсын.
Баардыгы: 6 675 500
5.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов