Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVI- сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №52
“Токтогул шаарынын А.Суеркулов көчөсүндөгү автобекетти муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын А.Суеркулов көчөсүндөгү автобекеттин менчик ээси А.Д.Киргизбаевдин 23.08.2024-жылдагы арызынынын негизинде аталган даректеги автобекетти (жалпы жер аянты 1,30 га, имараттын аянты 495 м2) муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 27.08.2024-жылдагы 01-17/1453 каты Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын 27.08.2024-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын А.Суеркулов көчөсүндөгү автобекетти, 1,30 га жер тилкеси, имараты менен, жеке менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Аталган мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп алуу үчүн менчик укугун тастыктоочу документтерди даярдоо боюнча бардык иштер жер, мүлк маселелерине тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
3. Мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы эске алынсын.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: |
Т.К.Өзүбеков |