Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы
2024-жылдын 29-июлундагы № 16/5
Чекилдек айылынын “Бакас” участогундагы ысым ыйгарылбаган жаңы көчөгө Сейталиев Токтогазы Мамбетовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылынын “Бакас” участогундагы ысым ыйгарылбаган жаңы көчөгө, ысым ыйгаруу жөнүндө 2024-жылдын 18-июлундагы айыл тургундарынын жалпы чогулушунун №3 протоколун эске алып, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы “КР географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү тартиби” жөнүндөгү №467 токтомун II бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн жетекчиликке алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чекилдек айылынын 1935-жылы төрөлгөн тургуну, маркум Сейталиев Токтогазы Мамбетович, айылдын өнүгүшүнө эбегейсиз кошкон салымын эске алуу менен, Чекилдек айылынын “Бакас” участогундагы ысым ыйгарылбаган, жаңы көчөгө (каналдын жээги) ысымы ыйгарылып, Сейталиев Токтогазы Мамбетович атындагы көчө болуп белгиленсин.
2. Көчө белгилерин орнотуу, ирээтке келтирүү, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Чекилдек-Тармал-Саз айылдарынын айыл башчысы Жоомартбек уулу Азаматка тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |