КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели
Тон айылында жайгашкан муниципалдык имаратка Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүн ачууга макулдук берүү жөнүндө
______________________________________________
Унаа каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга байланышкан маселелерди жеринде чечүү максатында Тон айылында жайгашкан муниципалдык имаратка Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүн ачуу боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Унаа каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга байланышкан маселелерди жеринде чечүү максатында Тон айылында жайгашкан муниципалдык имаратка Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүн ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна жүктөлсүн.
Төрага К.Карыпов