Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ

 

ТОКТОМ

Кун-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин VII чакырылышынын кезектеги    III   сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрелиндеги № 8

 

Күн-Чыгыш айыл аймагынын  административдик  чек арасынын  схемалык  картасын жана паспортун бекитүүгө макулдук берүү   жөнүндө

                                ____________________________________

 

 

             Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын  жана шаарларынын  денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны  жүргүзүүнүн алкагында  ВЫсык-Көл облусунун  Тон районунун Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер русурстары, кадастр, геодезия  жана картография  боюнча мамлекеттик  агенттигинин  “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик  ишканасы тарабынан  түзүлгөн Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  административдик  чек арасынын схемалык  картасын карап чыгып жана талкуулап, Күн-Чыгыш   Айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

      1.Күн-Чыгыш айыл аймагынын административдик  чек арасынын  схемалык картасы  жана  ага тиркелген чек арасынын  баяндамасына  макулдук берилсин.

      2.Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  Кенешинин төрагасы К.Карыповго  жана Күн-Чыгыш айыл  өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна  схемалык картага кол коюуу жагы тапшырылсын.

      3.Күн-чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн паспорту бекитилсин. Тиркеме 9  баракта

      4.Бул токтомдун көчүрмөсү Тон районунун мамлекеттик администрациясына жиберилсин.

      5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                                  К.Карыпов