Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2024-жылдын 5-июлу №15/115
Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Кара-Бүк” участкасындагы №2192 контурунда жайгашкан жерди мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-статьясынын негизинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун прокуратурасынын 02.07.2024-жылдагы №11-368/24 талап кылынган чечимине ылайык Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Эмгекчил айылындагы “Кара-Бүк” участкасындагы №2192 контурунда жайгашкан эски ипподромдун 8 га жерин Мамлекеттик менчиктен Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине, балансасына алууга макулдук берүү боюнча Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Кара-Бүк” участкасындагы №2192 котурунда жайгашкан эски ипподромдун 8 га жерди Мамлекеттик менчиктен Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке баланска алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А. Жолдошов тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары С.Чекировго милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |