Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-декабры № 17
Көк-Жар айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылынын суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовдун билдирүүсүн угуп, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылынын суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына төмөнкулөр милдеттендирилсин:Көк-Жар сугат суу пайдалануучулары менен ички арыктарды муниципалдык менчикке берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотарисустан күбөлөндүрсун жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында катталсын. 3. Ички арыктарды, суу бөлгүчтөрду жана суу өткөргүчтөрдү тактоо жагы Кок-Жар айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча башкы адиси М.Бектургановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын областтык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы А.Белековго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Мамытов |