Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 4
Учкун айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
Учкун айылдык кенешинин социалдык маселелер,жаштар иштери ,спорт жана маданият,мыйзамдуулукту жана жалпы укуктук негиздерди сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1.Учкун айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Тиркеме 2 (эки) баракта
Төрага | К. Тостоков |
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1.1 Бул Жобо Учкун айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары - шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук , райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды Учкун айылдык кенеши кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп,өзүнүн сунушу менен айылдык кеңештин сессиясында кароого жөнөтөт.
1.4 “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери Учкун айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.6 Учкун айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 4 адамга гана ыйгарылат.
2.1 Учкун айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, ар кандай сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Учкун айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Учкун айылдык кенешинин депутаттарына;
2.3 Айыл аймакка инвестицияларды алып келип, жаны имараттарды,соц.обьектилерди курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
3.1 Учкун айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
• Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочуларменен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен,өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
· мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;