Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2024-жылдын 5-июлу №15/116
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу “трансформациялоо” тартиби жөнүндө” Жобонун, 2023-жылдын 19-июлундагы №5 чечиминин негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Эмгекчил айылынын “Кош-Дөбө” участогундагы №964, №965, №966, №1047, №1049, №1061, №1062, №1063, №1064, №1066 контурларында жайгашкан жалпы аянты 16,0 га таштак жайыт жер тилкесин, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А. Жолдошов тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |