Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2024-жылдын 5-июлу №15/117
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу “трансформациялоо” тартиби жөнүндө” Жобонун, 2023-жылдын 19-июлундагы №5 чечиминин негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылында жайгашкан “Кара-Бүк” участкасынан Тарых, эстеликтерди орнотуу музей кылуу үчүн №2192 контурунан 1,0 га “Айыл чарба багытындагы” жайыт жерлер жана мал айдоочу жол категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А. Жолдошов тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |