Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII- сессиясынын
2024-жылынын 12-сентябры №55
“Комсомол айылындагы Кемпир Өлдү участогунан 0,72 га жайыт жерди которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын Комсомол айылына караштуу Кемпир Өлдү участогундагы жайыт жерден 0,72 га жерди А.Суеркулов аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө айылынын түндүк тарабына “Кемпир өлдү” аталышында канал куруу максатында трансформациялоого макулдук берүү боюнча Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун 15.08.2024-жылдагы 01-7/541 кайрылуу каты, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 21.08.2024-жылдагы № 01-17/1415 сунушу 27.08.2024-жылдагы “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, токтом кылат:
Төраганын орун басары: |
Т.К.Өзүбеков |