Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII- сессиясынын
2024-жылынын 12-сентябры №56
“Жердин максатуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу айылынын Ж.Акылбек көчөсүндөгү №40, идентификациялык номери 3-07-03-1006-0340 жердин максатуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 12.09.2024-жылдагы 01-17/1566 каты Токтогул шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча”туруктуу комиссиясынын 12.09.2024-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу айылынын Жусупжанов Акылбек көчөсү менен Мажин көчөсүнүн кесилишиндеги, идентификациялык номери 3-07-03-1006- 0340, 1200,0 м2 жердин максатуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2 Аталган жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө, укук тастыктоочу документтерин алууга байланышкан иштер жер маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлсүн.
Төраганын орун басары: |
Т.К.Өзүбеков |