Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

Т О К Т О М

Кун-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин

/VII  чакырылышынын кезектеги    ХХХI   сессиясынын

 

2024-жылдын 14-февралындагы № 10

Борбордук мечиттин  батыш тарабындагы

 жер тилкесин ижарага  берүү    жөнүндө

                                ____________________________________

 

 

            Тон районунун  мусулмандар хатибиятынын  18.05. 2023-жылдагы кайрылуусунун негизинде,  Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин  талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын 08.06. 2023-жылдагы  корутундусуна  жана Тон районунун  шаар курулууш  жана архитектура башкармалыгынын 12.02.2024-жылдагы №1  жер участогунун  планына ылайык,   Күн-Чыгыш   Айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

      1. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу   Бөкөнбаев айылынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан  борбордук мечиттин  батыш тарабындагы 248,7м2  жер аянты               Тон районунун  мусулмандар хатибиятынын  18.05. 2023-жылдагы кайрылуусунун негизинде,  Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин  талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер боюнча   туруктуу  комиссиясынын 08.06. 2023-жылдагы  корутундусуна жана  Тон районунун  шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 12.02.2024-жылдагы №1  жер участогунун  планына ылайык,  Борбордук мечитте жайгашкан медреседе  билим ала турган  балдарга балдар ойноочу  аянтча куруу  үчүн Тон районунун мусулмандар хатибиятына 10 жылдык мөөнөткө  ижарага берүүгө уруксаат берилсин.

      2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы   Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шакировага,  көзөмөлдөө  жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга    тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                  К.Карыпов