Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

  Т О К Т О М

 

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

/VII  чакырылышынын кезектеги    ХХХI   сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралындагы №9

 

“Кайрым” коомдук фондусуна жер тилкесин

бөлүп берүү   жөнүндө

                                ____________________________________

 

 

             “Кайрым” коомдук фондусунун  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үчүн реаблитациялык борбор курууга жер сурап жазган кайрылуусу боюнча  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын  милдетин аткаруучу Г.Шакированын  маалыматын угуп   жана талкуулап,  Күн-Чыгыш   Айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

      1. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  “Кара-Ой” жаны конушунун башкы планына ылайык, социалдык үйлөрдү курууга калтырылган  жер тилкесинен 0,06 га жер тилкеси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үчүн реаблитациялык борбор  куруу  үчүн                “Кайрым”    коомдук фондусуна 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө  пайдалануу  үчүн   бөлүнүп берилсин.

     2. “Кайрым” коомдук фондусуна  жер тилкеси бөлүнүп берилген күндөн тартып, 3 (үч) жыл аралыгында  курулуш иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

     3. Курулуш иштерине тиешелүү  документтерди даярдап берүү жана белгиленген мөөнөттө  курулуш иштери  жүргүзүлбөсө жер тилкени  кайтарып алуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

      4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы   Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шакировага,  көзөмөлдөө  жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга    тапшырылсын.

 

Төрага                                             К.Карыпов