Загрузка документа…
СУУСАМЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-сентябры № 16/2
Суусамыр айылдык аймагында айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын зоналдык коэффициенттин белгилɵɵ жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык Суусамыр айылдык кеӊеши 7-чакырылышынын 16 кезектүү сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 01-январынан баштап Суусамыр айылдык аймагында айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын зоналдык коэффициентинин мааниси 1.1 ɵлчɵмүндɵ белгиленсин.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыга жɵнɵтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суусамыр айыл ɵкмɵтүнүн башчысы М.Сейткуловго жүктөлсүн.
Төрага: | У. Алыпсатаров. |