Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры №65/28-XXI
Жер комиссиясынын протоколун жокко чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2005–жылдын 6-майындагы №177 Токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ ЖОБОнун 10 пунктуна ылайык, Туз айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Ш. Дононбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2005 – жылдын 6- майындагы №177 Токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ ЖОБОнун 10 пунктуна (КР Ѳкмѳтүнүн 2018 –жылдын 29 – январындагы №59 токтомунун редакциясына ылайык), комиссиянын составына архитектура боюнча мамлекеттик органдын ѳкүлү жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын ѳкүлү жоктугуна байланыштуу 10.03.2021- жылы түзүлгѳн жер комиссиясынын протоколу жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
Салтыкеев Б.К |