Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
/VII-чакырылышынын/ ХХХI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 14- февралындагы №5
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2025-2026-жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
_______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2025-2026-жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы В.С.Абдулдаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү 55993,2 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 55993,2 сом эсебинде бекитилип, анын ичинен 52383,2 мин сому негизги бюджеттик каражаттан, 3610,0 мин сому атайын каражаттан болуп бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 2025-жылга 59429,3 мин сом, 2026-жылга 66172,3 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджетинин накталай жүгүртүү көлөмү 2023-жылга карата 1000,0 мин сом болуп бекитилсин.
4.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.К Шакировага жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер В.С.Абдулдаевага милдеттендирилсин. . 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов
Катчы М.Кыдырбаев