Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

Т О К Т О М   

 

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

/VII  чакырылышынын кезектеги  ХХХ  сессиясы

 

    2024-жылдын 9 – февралындагы №3

 

Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын  

 зоналдык коэфицентин    көтөрүү жөнүндө 

_____________________________________________________

 

      Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин   киреше бөлүгүн көбөйтүү  максатында  2024-жылдын 1-январынан  тартып,  салыктарга эсептелинүүчү  зоналдык  коэфицентти 1,6 коэфицентке көтөрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл  өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы В.Абдулдаеванын, кирешелер боюнча башкы адис   Г.Оморованын маалыматын угуп   жана  талкуулап,    Күн-Чыгыш айылдык Кенеши

 Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин   киреше бөлүгүн көбөйтүү  максатында Кыргыз Республикасынын  Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна  ылайык,  2024-жылдын 1-январынан  тартып, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча   салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицент 1,6  болуп бекитилсин.

        2.Токтомдун  аткарылышын  камсыз кылуу  жагы  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шакировага   тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                 К.Карыпов