Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 17-ноябры № 57/X-28
Кант шаарынын Тагаев/Октябрдын 50 жылдыгы көч. аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгынын карамагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы №01-14/10135Кант шаарынын Тагаев/Октябрдын 50 жылдыгы көч. аймагында жайгашкан 2700 м2 муниципалдык жер тилкесин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине турак-жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТСКИЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш жүргүзсүн;
- Кант шаарынын Тагаев/Октябрдын 50 жылдыгы көч. аймагында жайгашкан 2700 м2 муниципалдык жер тилкесин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине ошондой эле сот жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине турак-жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө бардык лайыктуу документтерди даярдасын.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сармолдоев А.Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |