Загрузка документа…
ТУП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Биргелешкен токтом
2024-жылдын 29-августундагы №249
Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылын Түп айыл
аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылынын тургундарынын Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө кайрылууларын угуп, Балбай жана Түп айылдык кеңештеринин депутаттарынын маалыматтарын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1п., 113-беренесинин 3п., 2021-жылдын 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-п., 63-беренесинин 1-п. таянып, Балбай жана Түп айылдык кеңештеринин XXVIII-чакырылышынын бириккен сессиясы
токтом кылат:
1. Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылы Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүлүп берилсин. Балбай айыл аймагынын айыл өкмөтү мыйзам чегинде тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого милдеттендирилсин.
2. Балбай айыл өкмөтү менен Түп айыл өкмөтү Келечек айылын Түп айыл аймагынын карамагына өтүп жаткан иш-аракеттеринен жаралган маселелерди: салыктын төлөмдөрү, жерди ээлөө жана чек араларын аныктоо, жана башка ушуга окшогон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө иш-аракеттерин жумшасын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүбүзгө калтырылат.
Балбай айылдык кеңешинин Түп айылдык кеңешинин
төрагасы төрайымы
__________Т.Т.Омуралиев _________А.О.Орозбекова