Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 529
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик бюджеттин аткарылышынын ачык-айкындыгын, республикалык бюджетке түшүүлөрдү сапаттуу жана туура эсепке алууну камсыз кылуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 88-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмодо:
жогоруда аталган Колдонмонун 1-тиркемесинде:
- "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 571-пункт менен толукталсын:
"
571 | Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым |
";
- 69-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |