Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын ХIX сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 5
Жумгал райондук электр тармактарына жаңы имарат салуу үчүн бош жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Жумгал райондук электр тармактарынын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат салып берүүгө макулдашылгандыгы боюнча, ошонун негизинде Жумгал районунун Чаек айылынын борборунан бош жер тилкесин карап таап, бөлүп берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Жумгал райондук электр тармактарынын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат салып берүүгө макулдашылгандыгы боюнча, ошонун негизинде Жумгал районунун Чаек айылынын борборунан бош жер тилкесин карап таап, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго мидеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |