Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын ХIX сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 7
“Гүлбакча” бала бакчасынын 2024-жылдын 15-августундагы кайрылуусуна ылайык М.Алыбаев атындагы орто мектебинин аймагынан жер бөлүп берүүгө жана тосмо менен тосууга уруксаат берүү жөнүндө
“Гүлбакча” бала бакчасынын 2024-жылдын 15-августундагы кайрылуусуна ылайык М.Алыбаев атындагы орто мектебинин аймагынан жер бөлүп берүүгө жана тосмо менен тосууга уруксаат берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун борборунда жайгашкан М.Алыбаев атындагы орто мектебинин астында ачылган 3 сааттык “Гүлбакча” бала бакчасына “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде, Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан капиталдык ремонту каралып, азыркы учурда бул бала бакчага бөлүнүп берилген кабинет, коридорлордун ремонт иштеринин биринчи этабы бүтүп, талап боюнча эшикте балдар ойноочу оюн аянтчасы болушу зарыл экендиги, ал оюн аянтчасы тосулмайынча, оюн аянтчасына оюнчуктар берилбей тургандыгы жана оюн аянтчасына орнотулган нерселер талкаланып, мырыйып калышын алдын алуу боюнча атайын тосулушу керек болгондктан, М.Алыбаев атындагы орто мектебинин территориясынан жер бөлүп берүү жана объектини тосмо менен тосуу боюнча макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |