Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын ХIX сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 8
Мурдагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн имаратынын күн батыш тарабында жайгашкан жыйындар залын аялдар үчүн ден-соолукту чыңдоочу инклюзивдик фитнес залы катары пайдаланууга жана ошол машыгууга келген айымдар үчүн эс алуу бөлмөсүн чечип берүү жөнүндө
Мурдагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн имаратынын күн батыш тарабында жайгашкан жыйындар залын аялдар үчүн ден-соолукту чыңдоочу инклюзивдик фитнес залы катары пайдаланууга жана ошол машыгууга келген айымдар үчүн эс алуу бөлмөсүн чечип берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Жылдыз айылынын “Асыл айымдар-Береке” өз ара жардам тобунун мүчөлөрүнүн 2024-жылдын 15-августундагы кайрылуу катына ылайык мурдагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн имаратынын күн батыш тарабында жайгашкан жыйындар залын аялдар үчүн ден-соолукту чыңдоочу инклюзивдик фитнес залы катары жана ошол залдын жанындагы кабинетти машыгууга келген айымдар үчүн эс алуу бөлмөсү катары пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |