Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-декабры №75/28-XXIII
Жер тилкелеринин багытын которуу
Туз айыл аймагында жайгашкан аянты 46,1 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык, Туз айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл аймагында жайгашкан 14 контурдан аянты 46,1га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” багытындагы “жайыттар” түрүндөгү жер участокторун, “Турак жай салуу жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясын, турак жай куруу максатында “Калктуу конуштардагы жерле” багытына которууга макулдук берилсин.
Туз айылы | Жайылма айылы |
|
№196-9,9га | №54-1,4га | №80-1,10га |
№193-28,3га | №55-0,10га | №83-0,80га |
№198-0,20га | №56-2,10га | №84-0,80га |
№197-0,60га | №57-0,10га |
|
№265-0,5га | №58-0,10га |
|
№195-0,1га |
|
|
2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын Туз айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Туз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
Салтыкеев Б.К |