Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 7-июлу № IV

 

Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы Ибадат Мырзабекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу жөнүндө

 

Папан айылдык кеңеши Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын 29-июнь №01-19/330 сандуу катын карап,Арал айылындагы Ибадат Мырзабекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу максатыда токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып даярдалган иш кагаздардын негизинде, Папан айыл өкмөтүнүнАрал айылындагы Ибадат Мырзабекова атындагы мектепке  чейинки билим берүү уюмуна кошумча 75 балага 3 тайпа ачууга макулдук берилсин.

2. Папан айыл өкмөтүндөгү Арал айылындагы Ибадат Мырзабекова атындагы мектепке  чейинки билим берүү уюмуна штаттык бирдиктерди ачуу Кара-Суу райондук билим  берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев