Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда бажылык башкарууну жакшыртуу максатында кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Баку шаары, 2024-жылдын 24-апрели
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, мындан ары Тараптар деп аталып,
бажы иши чөйрөсүндөгү маалыматтык технологияларды жана инновациялык долбоорлорду пайдалануу маселелери боюнча кызматташуу,
соодага көмөк көрсөтүүгө багытталган жол-жоболорду жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөштүрүү,
башкаруу системасын жакшыртуу жана кадр потенциалын жогорулатуу,
бажы объектилеринин инфраструктурасын өнүктүрүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу,
бажылык башкаруунун заманбап методдорун киргизүү максатында
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктама
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн колдонулуучу терминдер:
"бажы мыйзамдары" - товарларды, кол жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдүн жүгүн, валюталык жана башка баалуулуктарды, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташып кирүү, ташып чыгуу, транзит менен өткөрүү, бажы алымдарын, жыйымдарын жана башка төлөмдөрдү алуу, жеңилдиктерди берүү, чектөөлөрдү киргизүү жана тыюу салуу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек аралары аркылуу товарлардын кыймылын контролдоо тартибин жөнгө салган Тараптардын мамлекеттеринин ченемдик укуктук ченемдеринин жыйындысы;
"маалыматтык система" - уюштуруу жана техникалык жактан тартипке салынган, анын ичинде эсептөө техникасын пайдалануу менен маалыматтык технологиялардын жана документтердин жыйындысы;
"маалыматтык ресурстар" - массивдерди жана маалыматтар базасын, жеке маалыматты жана анын агымдарын кошо алганда, маалыматтык инфраструктура (техникалык каражаттар жана маалыматты түзүү, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү системалары);
"маалыматтык технологиялар" - маалыматтык процесстер учурунда, анын ичинде эсептөө техникасын жана байланыш техникасын колдонуу менен пайдаланылуучу ыкмалардын жана каражаттардын системасы;
"инновациялык долбоор" - түпкү инновациялык иштин техникалык-экономикалык, укуктук жана уюштуруучулук негиздемесин камтыган долбоор.
2-берене. Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
1. Тараптар ушул Макулдашуунун негизинде өз мүмкүнчүлүктөрүнүн жана компетенцияларынын алкагында төмөнкү максатта бири-бирине өз ара көмөк көрсөтүшөт:
1.1. Бажы иши чөйрөсүндө маалыматтык продуктуларды жана системаларды түзүү жана өнүктүрүү, маалыматтык ресурстарды жана маалыматтар базасын түзүү боюнча иштерди координациялоо;
1.2. Тараптар тарабынан иштелип чыккан жана/же пайдаланылуучу маалыматтык системаларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
2. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт жана бекемдешет, бажы чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, бажы иши жаатында тажрыйба алмашышат.
3-берене. Кызматташуу жана өз ара аракеттенүү
Ушул Макулдашуунун алкагында тараптардын кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптар тең укуктуулук жана өз ара пайда алуу принциптеринде кызматташуунун төмөнкүдөй негизги формаларын пайдаланышат:
1. бажы органдарында маалыматтык системаларды жана маалыматтык технологияларды түзүү жана иштетүү маселелери боюнча маалыматтарды, материалдарды жана иштеп чыгууларды алмашуу;
2. бажы органдарында маалыматтык технологиялар жаатындагы инновациялык чечимдерди ишке ашырууга көмөктөшүү;
3. бажы органдарында маалыматтык продуктуларды жана системаларды, маалымат базаларын пайдалануунун эсебинен Тараптардын ишин маалыматтык камсыздоого көмөктөшүү;
4. ушул Макулдашууда чагылдырылган өз ара аракеттенүү багыттары боюнча маалыматтык иш-чараларга, анын ичинде маалыматтык продуктуларды жана системаларды, маалыматтар базаларын пайдаланууга кызыкдар тараптарга маалымдоо максатында биргелешип катышуу;
5. бажы органдарындагы потенциалдуу жана реалдуу коркунучтардан маалыматтык системаларды жана маалыматтык ресурстарды коргоо технологияларын өркүндөтүүгө көмөктөшүү;
6. бажы иши чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө көмөктөшүү.
Көрсөтүлгөн багыттар толук болуп саналбайт жана Тараптар ушул Макулдашуунун жоболоруна карама-каршы келбеген башка макулдашылган багыттар боюнча кызматташууну жүзөгө ашыра алышат.
4-берене. Тажрыйба алмашуу
Тараптар өз ара түшүнүшүүгө жетишүү максатында төмөнкү чөйрөлөрдө тажрыйба алмашышат:
1. бажы мыйзамдары;
2. товарларды бажылык контролдоону уюштуруу жана колдонулуучу методдор;
3. бажы контролунун техникалык каражаттарын пайдалануу;
4. биргелешкен окууларды пландаштырууну жакшыртуу максатында Тараптардын кинологиялык борборлорунун өз ара аракеттенүүсү;
5. бажы органдарында маалымат системаларын, маалыматтар базасын жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
6. инновациялык долбоорлорду башкаруу жана аларды бажы органдарында ишке ашыруу ыкмалары;
7. бажы контролун жүргүзүү максатында товарларды жана транспорт каражаттарын сканерлөө үчүн инспекциялык-текшерип кароо жабдууларын киргизүү жана колдонуу;
8. мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарында инфраструктураны өнүктүрүү;
9. бажы органдарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
10. бажы кызматкерлерин окутуу.
5-берене. Купуялуулук
Ушул Макулдашуунун негизинде алмашылган ар кандай маалымат купуя катары каралууга, бажы операцияларынын максаттары үчүн гана пайдаланылууга тийиш жана мындай маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.
6-берене. Талаш маселелерди чечүү
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
7-берене. Башка эл аралык келишимдер менен катышы
Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
8-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене. Күчүнө кириши, мөөнөтү жана токтотулушу
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптар маалыматты коргоо боюнча милдеттенмелерди толук аткаруу үчүн чараларды көрүшөт, ошондой эле ушул Макулдашуунун алкагында ишке ашырылуучу жана ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурга карата аякталбаган мурда макулдашылган биргелешкен иштердин, долбоорлордун жана башка иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышат.
Баку шаарында 2024-жылдын 24-апрелинде эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн |