ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 7-июлу № V
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-авгусундагы №467 токтому менен бекилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу, көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүнүн Андагул айылындагы №1 көчөсүнүн аты жок, ошондуктан көчөгө ат коюу боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин:
2. Андагул айылындагы №1 көчөсүнүн аты жок көчөгө Эмгек ардагери маркум Жумабаев Абдурасулдун ысымы ыйгарылсын (1ден 36-номер үйгө чейин)
3. Көчөгө аты коюулган марку Жумабаев Абдурасулдун, үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө, жарыктык орнотуу, көпүрө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө жана обьекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековко милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |