Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августу № 455
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Запастагы жерлер" жана "Токой фондунун жерлери" категорияларынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинде 2024-жылдын 28-майында болгон кеңешменин № 18-4671 протоколун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 28-июнундагы № 01-49-396 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 77 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик менчиктеги жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан, Каракол механикалаштырылган токой чарбасына мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берилген жалпы аянты 1624,26 га жер, анын ичинде: 294,6 га (№ 1 (13,2 га), № 3 (0,4 га), № 4 (5,7 га), № 7 (8,8 га), № 8 (1,6 га), № 9 (170,9 га), № 10 (5,3 га), № 11 (2,7 га), № 12 (46,1 га), № 23 (4,4 га), № 32 (20,5 га), № 33 (13,8 га), № 34 (1,2 га) контурлардагы) жайыттар «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн "Запастагы жерлер" категориясынан жана 1329,66 га "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына тиркемеге ылайык которулсун (трансформациялансын).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомуна акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бул жер участокторунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин аянттарын калыбына келтирүүнү, жерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды токой чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- жер участокторунун жер пайдалануучусунун менчик ээсине карата жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- көрсөтүлгөн жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же алар тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Бардык сезондогу "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери" мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулуучу (трансформациялануучу) "Токой фондунун" жерлери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол токой чарбасы
Квартал | Бөлүнгөн жер | Жердин түрү | Аянты, га |
Шахтинское токойчулугу | |||
38 | 15 | Токой өсүмдүктөрү | 0,01 |
39 | 4 | Токой өсүмдүктөрү | 2,44 |
39 | 7 | Токой өсүмдүктөрү | 14,13 |
39 | 10 | Токой өсүмдүктөрү | 1,52 |
39 | 12 | Токой өсүмдүктөрү | 36,44 |
39 | 17 | Токой өсүмдүктөрү | 5,27 |
39 | 19 | Токой өсүмдүктөрү | 1,31 |
39 | 20 | Токой өсүмдүктөрү | 9,93 |
39 | 24 | Токой өсүмдүктөрү | 2,52 |
39 | 30 | Токой өсүмдүктөрү | 0,92 |
39 | 31 | Токой өсүмдүктөрү | 2,71 |
48 | 2 | Токой өсүмдүктөрү | 76,02 |
48 | 3 | Токой өсүмдүктөрү | 0,89 |
48 |
| Токой өсүмдүктөрү | 8,29 |
48 | 7 | Токой өсүмдүктөрү | 56,79 |
48 | 10 | Токой өсүмдүктөрү | 2,31 |
48 | 11 | Токой өсүмдүктөрү | 1,49 |
48 | 12 | Токой өсүмдүктөрү | 4,54 |
48 | 13 | Токой өсүмдүктөрү | 9,87 |
48 | 14 | Токой өсүмдүктөрү | 42,63 |
48 | 20 | Токой өсүмдүктөрү | 0,73 |
49 | 3 | Токой өсүмдүктөрү | 55,87 |
50 | 2 | Токой өсүмдүктөрү | 0,48 |
50 | 3 | Токой өсүмдүктөрү | 1,81 |
50 | 4 | Токой өсүмдүктөрү | 0,76 |
50 | 5 | Токой өсүмдүктөрү | 0,50 |
50 | 6 | Токой өсүмдүктөрү | 0,22 |
50 | 7 | Токой өсүмдүктөрү | 0,50 |
50 | 8 | Токой өсүмдүктөрү | 1,18 |
50 | 9 | Токой өсүмдүктөрү | 1,33 |
50 | 10 | Токой өсүмдүктөрү | 5,51 |
50 | 12 | Токой өсүмдүктөрү | 1,91 |
50 | 25 | Токой өсүмдүктөрү | 2,14 |
| 26 | Токой өсүмдүктөрү | 3,16 |
29 | 98 | Шактары жыш боло элек токой өсүмдүктөрү | 1,57 |
29 | 100 | Шактары жыш боло элек токой өсүмдүктөрү | 1,39 |
| 2 | Сейрек дарак | 0,79 |
39 |
| Сейрек дарак | 10,21 |
39 | 23 | Сейрек дарак | 0,78 |
39 | 28 | Сейрек дарак | 2,79 |
48 | 4 | Сейрек дарак | 2,14 |
48 | 5 | Сейрек дарак | 5,79 |
48 | 9 | Сейрек дарак | 0,28 |
48 | 18 | Сейрек дарак | 0,55 |
48 | 19 | Сейрек дарак | 0,51 |
49 | 10 | Сейрек дарак | 0,93 |
39 | 5 | Ачык жерлер | 18,07 |
39 | 9 | Ачык жерлер | 0,41 |
39 | 18 | Ачык жерлер | 6,52 |
29 | 96 | Чөп чабынды | 12,19 |
40 | 38 | Чөп чабынды | 23,39 |
40 | 52 | Чөп чабынды | 16,16 |
38 | 17 | Жайыт | 7,32 |
39 | 1 | Жайыт | 108,19 |
39 | 3 | Жайыт | 48,19 |
39 | 11 | Жайыт | 10,15 |
39 | 13 | Жайыт | 0,02 |
39 | 21 | Жайыт | 2,72 |
39 | 22 | Жайыт | 4,14 |
48 | 1 | Жайыт | 27,01 |
48 | 8 | Жайыт | 164,72 |
48 | 16 | Жайыт | 103,82 |
49 | 1 | Жайыт | 11,32 |
49 | 2 | Жайыт | 5,06 |
49 | 4 | Жайыт | 31,71 |
49 | 7 | Жайыт | 67,27 |
50 | 1 | Жайыт | 84,08 |
51 | 3 | Жайыт | 8,03 |
57 | 1 | Жайыт | 7,25 |
57 | 2 | Жайыт | 0,88 |
51 | 1 | Короо | 0,71 |
49 | 5 | Саз | 0,37 |
49 | 11 | Саз | 0,67 |
50 | 11 | Саз | 0,37 |
51 | 53 | Суу астындагы (дарыялар, көлдөр) | 1,08 |
57 | 76 | Суу астындагы (дарыялар, көлдөр) | 2,48 |
48 | 15 | Башка жерлер | 15,03 |
48 | 17 | Башка жерлер | 40,53 |
48 | 21 | Башка жерлер | 11,59 |
48 | 22 | Башка жерлер | 57,78 |
48 | 24 | Башка жерлер | 17,10 |
48 | 25 | Башка жерлер | 0,03 |
49 |
| Башка жерлер | 8,47 |
49 | 8 | Башка жерлер | 10,98 |
49 | 9 | Башка жерлер | 6,34 |
57 | 5 | Башка жерлер | 3,65 |
Жыйынтыгында: |
|
| 1329,66 |