Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 406
2024-жылдын 8-майында Москва шаарында кол коюлган 2021-жылдын 16-февралындагы Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 8-майында Москва шаарында кол коюлган 2021-жылдын 16-февралындагы Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу расмий тилде тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У. Жапаров |