ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 7-июлу № IX
Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы 6 айлык отчёту ички жана сырткы инвестициялардын тартылышы жөнүндө
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясында 2023-жылдын 6 айлык отчётун карап,Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун айыл өкмөттөгү аткарган жумуштарын карап жана угуп,айыл өкмөттүн 6 айлык отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестициялардын тартылышы жана жаңы жумуш орундары 2024-жылга карата айыл өкмөттүн стратегиялык планын жакшы жолго коюу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |