Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 7-июлу № X
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу, көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүндөгү Культцентрден Кожо-Келен айылындагы №1 үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолдун да аты жок болгондуктан ошол көчөлөргө ат коюу жана №1- үйдөн №28 -үйгө чейин Мендибаев Бакирдин Ысымын берүү боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
2. Кульцентрден Кожо-Келен айылындагы №1-үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолдун да аты жок болгондуктан, ошол көчөлөргө №1-үйдөн №28-үйгө чейин эмгек ардагери, маркум Меңдибаев Бакирдин ысымы ыйгарылсын.
3. Кульцентрден Кожо-Келен айылындагы №1-үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолдун да аты коюулган №1-үйдөн №28-үйгө чейин маркум Меңдибаев Бакирдин үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөлөрдүн ар кандай сосиалдык маселелер (жол тегиздөө, жарык орнотуу, көпүрөө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн-түз катышуусу жана турак үйлөргө, объектилерге катар номерлерди илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |