Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-августу № 531
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык)
"Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) бажылык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен биргеликте чаралардын системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бажылык укук бузуулар жана кылмыштар боюнча маалыматтарды чогултат жана талдайт;
- бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшүндө бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшү боюнча методологияны жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен бажылык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- тейлеген тармагындагы чөйрөдө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;";
- 13-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бажы органдарынын тергөөсүнө караштуу кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө жүргүзүүгө;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |